Кээ бир микроавтобустарга чыксаң, “тиякка, биякка, онаякка токтобойбуз” деген көрнөк көзгө урунат. Мындай сүйлөмдү кайсыл “акылдуусу” ойлоп тапты экен? “Маладес”, эй! Жолуксам, ошол адамдын колун гана кыспастан, бутун да кысып, анан ушул “челевекке” наам берип койгулачы деп жогору жакка кайрылмакчымын. Берешен чоңдорубуз наам беришмек. Чын! Ишенбесеңер, менден сурагыла.
Ырас, менин жөндөн-жөн эле какшыктап жаткан жерим жок. Себеби, “маршрутниктердин” мен белгилеген көрнөгү өтө сабатсыз жазылган, же “ушундай диалектикада сүйлөйт” деп бүтүндөй бир региондун элин шылдыңдагандык эмеспи. Мындай деңгээлдеги адамдарды, бөлүнүүчүлүккө баргандарды деле эл арасынан кездештирип жүрбөйбүзбү. Мисалы, Оштун Өзбекстан менен чектешкен айрым аймактарынын жашоочуларын анча-мынча өзбекчени, Казакстан менен чектешкен таласыктардын казактын айрым сөздөрүн колдонуп сүйлөп калышын келекелегендик, күнөөлөгөндүк – жеткен дөдөйлөрдүн гана мээсинен чыккан ойлор деп эсептейм. Алардын анча-мынча каада-салтына, тилине айлана-чөйрөнүн таасири кантип тийбесин? Тийет да.
Эми, уруксат берсеңиздер, экинчи маселеге өтөйүн. Жогорудагы көрнөк – “аялдамаларга гана токтойбуз”- деген куру чакырык. Ошондой жарыяны жабыштырып алган микроавтобустар деле, башкасы деле кол көтөргөн жүргүнчүнү көргөндө “любой” жерге токтоп эле атышат го, “ой, тигинде 10 сом турат” деп сүйүнүп. Бая күнү мен олтурган микроавтобус (кайсыл номурдагысы экенин айтпай эле койоюн, мындай көрүнүш көп болгондуктан) как раз бурула бериштен татынакай 10 сомго... тоюс, бир кызга токтой калды эле, ошол замат жандап өтө берген “Жол коопсуздук патрулу” деген машинанын түшүрүлгөн айнегинен “жарк” этип чыга калган кып-кызыл таякты көргөндө, кайрадан тормозун тебүүгө аргасыз болду. Байкабай калган тура, кашайып. Байкаганда, жол эрежесин туура сактаган, ай-ябай тартиптүү шоопур болуп калмак, 10 сом түгүл кол көтөргөн 50 сомду да карамак эмес, ата-аң гөрү!
Үшкүрүнгөн айдоочу документтерин алып, жолун тороп токтогон патрулга барып, андагы башында кызыл таажысы бар короздой койкоюп олтурган кызматкерден мойнуна курун салына кечирим сурап келгичекти, эриккен-зээриккен жүргүнчүлөр минтип аңгемелешип жиберишти:
- ГАИ эмнеге кармады?
- Аялдамага гана токтош керек эле да, правила боюнча.
- Андай болсо, өзү күнөөлүү. Кайсыл жерден кол көтөрбөйлү, токтой беришет. Эгер аялдамалардан гана токтой турган болсо, биз деле аялдамадан күтүп, үйрөнүп калмакпыз.
- Андан калса, биздин айдоочулар жол эрежесин билсе да колдонбогону аз келгенсип, пассажирлерге орой мамиле жасашат, катуу алдамдыкта бара жаткан учурунда “токтотуп коюңузчу” деген адамды “эртерээк айтып койбойт белең” деп урушат. Коңшу өлкөлөрдүн автобустарына, маршруткаларына отуруп калсаң, “азыр баланча астановкага келдик... кийинкиси түкүнчө деген астановка” деп алдын-ала эскертип турушат.
Аңгыча, жинденген айдоочу келип, азыркы кызга ажыдаардай атырылды:
- Сенин азабыңдан 400 сомумдан айрылдым. Жыйырма эле метр басып барсаң, остановка турат го! Ошол жерге барып, күтүп турсаң, эмне, өлүп кетет белең, акмак! Же көзүң көрбөй калдыбы астановканы? Жап-жаш болуп туруп эле...
Кыз деле жинденди, бирок, теңелбейин дедиби, үнсүз-сөзсүз сыртка жөнөп, чыгаары менен эшикти алынын жетишинче “та-арс” эттире жапты. Өзүнө каяша айтпаган менен, машинасын ушинтип “капты”.
“Онаякка” токтоп алып айып пул төлөп калган айдоочунун маданияты тууралуу эми кошумча сөз айтпай эле койолу. Жогорудагы жүргүнчүлөрдүн берген баалары деле жетиштүү болгондур. Кандай дейсиңер?
Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Булак: «Майдан. kg» гезити