Печать
Категория: Коом
Просмотров: 149

 

Тутумунда Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку соттун жана райондор аралык сотторунун судьялары, ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын  жарандык  коомдорунун өкүлдөрүнөн турган делегациянын  маалыматтык  визиттин  жүрүшүндө  шайлоо  тутуму,  Германия  калкынын  укуктук маданияты жана саясий моделдин түзүлүшү менен таанышты.

 

Саясий агартуу Федералдык борбордун өкүлдөрү, шайлоо округунун  шайлоо комиссиясынын төрагасы, Берлиндин жеринин шайлоо комиссиясынын төрагасы, Берлин жеринин Конституциялык соту, Бундестагдын депутаттары, электоралдык изилдөө институту, Германия  ТИМи, эл аралык тынчтык сактоо операция борборунун өкүлдөрү, ошондой эле экинчи немец телеканалында (ZDF)  жолугушуулар өттү.  

 

Делегация тажрыйба алмашуу ирээтинде:

 

-шайлоо тутуму жана мамлекеттик курулуш тууралуу;

 

-ФРГда референдум жана парламенттин төмөнкү палатасына шайлоого даярдык жана өткөрүү туурасында;

 

-Жарандардын шайлоо жыйынтыгына каршы чыгуу боюнча укуктары, шайлоо жыйынтыгынын тууралыгын текшерүү процедурасы пикир алмашуулар болду.  

Бундестагдын депутаттары кыргыз делегациясы менен Бундестагга шайлоо өткөрүү боюнча  ой  бөлүштү. Ал эми немецтик экинчи канал менен 2017-жылы күздө өтө турган жер жана федералдык парламентке шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча, шайлоодо ЖМКнын ролу, шайлоо алдындагы үгүт маселелер тууралу ой бөлүштү.