Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына эл өкүлдөрүнүн 2016-жылы тапкан кирешелери чагылдырылган декларациялар жарыялана баштады.
Ага сарасеп салсак, биз «капчыктуулардын» парламенти деп атаган Жогорку Кеңеш анчалык деле «капчыктуу» эместигин билүүгө болот. Аталышты бир аз өзөртү, «капчыктуу» жакын туугандары бар «капчыгы жукалардын» парламенти десек туура болчудай.
Ошентип, КСДПнын депутаты Төрөбай Зулпукаров - жакында эле Сооронбай Жээнбековдун президент болууга мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтып, «ал абдан жакшы иштейт, бирок мактана албайт», - деп андагы жок сапатты өзү толтурууга аракеттенген депутат өткөн жылы 825 миң 733 сом иштеп тапканын белгилептир. Бул сумманы 12 айга чачсак айына 68 миңден ашыгыраак акча чыгат. Андан тышкары жарандык-укуктук келишимдерден 750 миң сом тапкан. Менчигинде 400 чарчы метрлик үйү жана Тайота Ланд Крузер (2009-жылкы) үлгүсүндөгү автоунаасы бар экен. А жакын туугандары 897 миң сомду бир жылда иштеп табышып, Төрөбаевден артта калышпаган.
«Бир бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун жалгыз батири бар. Жылына 726 миң 525 сом иштеп тапкан. А жакындары негизги ишинен 355 миң 738 сом айлык алышса, дивиденддерден 87 млн 584 миң 925 сом, ал эми ишкердик жактан 151 миң 592 миң сом киреше табышкан. Ошондой эле, жакын туугандары төрт имаратка жана кымбат баадагы он (!) автоунаалардын ээлери. А Жапаровдун жада калса «Жигулиси» да жок экен.
«Республика-Ата Журттун» депутаты Айбек Алтынбеков бир жылда 754 миң сом иштеп таап, менчигинде 40 миң чарчы метр жана 3500 чарчы метр жер тилкелерин кармап турат. Жакын туугандары 117 чарчы метр, 50,9 чарчы метрлик эки үй жана үч автоунаага ээлик кылышат.