Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

 

«Эрдик» фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов Атамбаевдин колунан мамлекеттик сыйлык алуудан баш тартты.

 

Ал мындай чечимин Атамбаев мындан мурда «Ата Мекен» партиясын «сасык» партия деп атаганы менен байланыштырды. Мырзаканов аталган партиянын мүчөсү.

Каныбек Мырзаканов үй-бүлөсү менен биргеликте көп жылдан бери Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондорду издөө иши менен алектенет. Ушул убакка чейин дайынсыз жоголгон 300гө чукул кыргызстандыктардын бейитин тапкан.

 

Бирок, Мырзаканов сыйлыкты президент эмес, башка аткаминер берсе, ала турганын жарыялады.