Печать
Категория: Коом
Просмотров: 154


Күбөлөрдүн маалыматы боюнча, 2-июлда колледждин эки бүтүрүүчүсү жаңжалдашып кеткен, натыйжада бири экинчисине бычак сайган. 11-июлда 19 жаштагы Султанмурад Султанов алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган.

 

“Мухбилло аттуу бала курсташы атасына акарат келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылган. Бирок Султанмурод макул болгон эмес. Мындан кийин Мухбилло аны бычак менен сайып жиберген”,-деди күбөлөрдүн бири.

 

Бул арада маркумдун ата-энеси кылмышка шектүүнүн жакындары анын психикалык жактан жабыркай тургандыгын далилдеген кагаздарды топтоп жатышканын билдиришти.

 

“Киши өлтүргөн баланын ата-энеси өтө бай адамдар экен деди”-, маркумдун туугандарынын бири.

 

Өзбекстанда бир ай мурун медициналык окуу жайдын студенти Жасур Ибрагимов курсташтары тарабынан сабалып каза тапкан.