Өзгөртүүлөр «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзамга жана Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске киргизилди.
1-июндан тарта чет өлкөлүк жарандардын Орусияда улуттук (орусиялык эмес) айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоору күчүнө кирген.
5-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун расмий түрдө колдогон.
Эми кыргызстандыктар Орусияда (орус тилинде) сынактарды тапшырбастан эле мекенинде алган документтер менен айдоочу болуп иштей алышат.