Эми шаар бийликтери мыйзам бузууларга, тартипсиздиктерге каршы мыйзамдуу чараларды көрүп, шаарды тартипке келтиришмекчи. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакытбек Байтиков билдирди.
Анын айтымында, көп жылдардан бери жарандар, ишканалар тарабынан имараттарды, ар кандай чарбалык субъекттерди, турак-жайларды курууда белгиленген аймактардан чыгып кетишип, муниципалдык менчикке, шаардын кооздугуна жана шаардыктардын ыңгайына зыян келтирип жатышат.
-Ал эми курулуштарга шаардык курулуш жана архитектура бөлүмү уруксат берип, планын түзүп бергени менен мыйзамсыз курулуштарга каршы чара көрө албайт, андай укук берилген эмес. Бул багыт боюнча экотехинспекция алектениши керек. Бирок, шаардагы мындай уруксаты жок курулуштардын көптүгүнөн улам, демек, экотехинспекция ишканасы да жыйынтыктуу иш алып бара албай жаткандай. Мындан ары жергиликтүү бийликтермындай терс көрүнүштөргө бөгөт коюуну күчөтүү аракеттерин көрөбүз, - дейт ал.
Жергиликтүү бийликтер жол жээгине курулган объекттер тротуарларды ээлеп, муниципалдык аймакка чыгып кетишкенин, бул болсо шаардыктардын кенен кесири басып жүрүүсүнө да тоскоолдук келтирет.
-Биз мыйзамсыз курулуштарды аныктап, тактап, тизмелеп, алар боюнча мамлекеттик органдардын жардамы менен тартипке салуу иштерин алып барабыз, - дейт Б. Байтиков.