Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Анда айыптоочу тараптын күбөлөрүнүн жарымы келишкен жок.
Судья Камчыбек Касымбеков келбегендердин арызын окуду, алар тергөө убагында беришкен көрсөтмөлөрүн соттогу көрсөтмө катарында кароосун суранышкан.
Эске салсак, Аида Салянова Адилет министри болуп турган чакта издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин лицензиясын узартып берген деп айыпталууда.