Шаардагы 20 мектептке республикалык бюджеттен 1 миллион 699 миң 700 сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Азимжан Абдрашов билдирди.
Анын айтымында, бөлүнгөн акча каражатка оңдоп-түзөтүү иштерин жүргүзүү үчүн тендер өткөрүлгөн. Быйылкы жылы оңдоп-түзөтүү иштеринин сапаты көңүл борборунда болмокчу.
-Былтыркы жылы мектептерди оңдоп-түзөтүү иштерине пайдаланылган боёк-сырлар сапатсыз чыгып калган болчу. Быйыл Ирандын “Атрак” фирмасы тендерден утуп алып, керектүү курулуш материалдары шаардагы бардык мектептерге жеткирилип берилди. Республикалык бюджеттен былтыркыга салыштырмалуу 100 миң сом аз бөлүндү. Себеби, оңдоп-түзөө иштерине акча мектептеги балдардын санына жараша бөлүнөт. Азыркы учурда бардык мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Буюрса 17-июлда оңдоп-түзөө иштери аягына чыгат.
А. Абдрашевдин айтымында, быйылкы жылы шаарда жаңы мектеп курулуп жатат. Мурда эскилиги жеткен №6 орто мектептин имараты жараксыз абалга келгендиктен, анын жаңы имараты жаңы окуу жылында ишке берилмекчи.
-Баса белгилей кетчү нерсе, республикалык бюджеттен сырткары жылда шаардык бюджеттен дагы мектептердин оңдоп-түзөө иштерине акча бөлүнчү эле. Тилекке каршы, шаардык кеңештин депутаттары башын бириктирип, сессияда бюджетти бекитип бербегендигинин себебинен быйылкы жылы шаардык бюджеттен мектептердин оңдоп-түзөө иштерине акча бөлүнгөн жок дейт, - ал.