Печать
Категория: Коом
Просмотров: 182

 

Роза Отунбаева буга чейин дагы сотко катышып, иш калыс эмес каралып жатканын, сот Айбек Эрнис уулун буйрукту эмес, мыйзамды аткарууга чакырган.

 

Бүгүн мурдакы президент күбө катары көрсөтмө берип жатат. Роза Отунбаева сөзүн башында эле иш саясый өңүттө тергелгенин билдирди.

 

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

 


 
     
Шилтеме: https://24.kg/kyrgyzcha/57388/