Сыртынан анча байкалбаган менен өлкөбүздө динчилдер менен светтик жашоо образын кармангандардын ортосунда тирешүү күчөп, быкшыган от сыяктуу абалга келип жетти. Эгер мурда хиджап маселеси каттуу талкууланып келсе, акыркы күндөрү аялдардын жай мезгилинде уяттуу жерлерин ачык көргөзгөн же жарым денесин көрсөтүп жүрүүсү ортого от таштоодо. Өткөн жумада мына ошол феминист кыз-келиндер тобу Бишкекте "Бизге кантип кийинүү керектигин үйрөтпөгүлө”- деген ураан менен акция өткөрүштү. Болгондо да борбордук мечиттин жанында уюштурулган акцияга чыккан феминисттер кийим тандоо ар бир жарандын өз укугу экенин жана эч ким башка бирөөгө талап коюп, мазактай албасын айтуу үчүн чыкканын билдиришти. Муну менен алар дин кызматкерлерине Кыргызстан светтик мамлекет экенин эскертип, кыздарды чүмкөнүп кийүүгө мажбурлаганга эч кимдин укугу жоктугун баса белгилешти. Миңдеген мусулмандар жума намазга чогулган чак түштө феминисттердин мындай жоругу молдокелердин эсин оодарып, алласын оозунан түшүргөндөй эле болду. Анткен менен ак да, көк да деп жооп кайтарган жок. Бирок бул акциянын артында кимдер турат жана көздөгөн максаты эмне? Балким, коомду радикалдаштырып, экинчи тарабын аларга терс маанайга жеткирип, кагылыштыруу болуп жүрбөсүн...
Булак: “Майдан. kg” гезити