Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жараат алгандар учурда Склифосовский атындагы ооруканада дарыланууда. Абалдары оор.
10-июлда Москванын түндүгүндөгү соода борборунда өрт чыккан. Андан 18 адам жараат алганы кабарланган болчу.
2016-жылы 27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, 17 кыз-келин каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары болушкан.