«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда. Бул сапар Текебаевдин 2010-жылдагы жардамчысы Калыс Боронбаев көрсөтмө берди.
Ал баштагы көрсөтмөсүнөн КР кылмыш процессуалдык кодексининин нормалары сакталбай алынган деген жүйө менен баш тартты.
Айтымында, аны чакырышып, эч нерсе тууралуу сурабай эле протоколду сунушуп, кол коюу керектигин айтышкан. Ал жерде эмне жазылганын күбө окуган эмес.