Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

 

Алай районундагы Көк-Суу айылындагы Көк-Бел аймагында 6-июлда 58 жаштагы чабан Көк-Бел суусун ат менен кечип өтөм деп кырсыкка кабылган.

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок жыйынтык болбогон. Жергиликтүү калктан 60 адам, 6 куткаруучу ишке тартылган. Бишкектен дагы беш суучул менен 16 куткаруучу кошумча күч катары жиберилген.

 

Издөө иштери улантылууда.