Печать
Категория: Коом
Просмотров: 191

        

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, жергиликтүү Кеңештин депутатын кармап тинтишкенде, анын жанынан диний экстремисттик маанайдагы материалдар тобу табылды. Булар диний-экстремисттик өңүттөгү “Хизб-ут-Тахрир” партиясына таандык экендиги дагы тастыкталды. Мындан тышкары кармалган депутаттан ушул эле өңүттөгү башка адабияттар дагы алынды.

 

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле анын үстүнөн Кылмыш-Жаза Кодексинин 299-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнүн негизинде (“Экстремисттик маанайдагы материалдарды жасоо, сатып алуу, сактоо, таратуу, ташуу жана жайылтуу, ошондой эле экстремисттик жана террористтик уюмдардын символикаларын жана атрибуттарын атайылап пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити