Бул орунга СДПК партиясынан Жоомарт Нурдинов, ал эми “Республика - Ата Журт” партиясынан Бактыбек Мадмаров ат салышты.

        

Добуш берүүгө Ноокат шаардык Кеңешинин 21 депутатынын ичинен 20сы катышып, баары тең Жоомарт Нурдиновду дир добуштан кубатташты.

Айтмакчы, Жоомарт Нурдинов буга дейре Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментин жетектеген.

 

 

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: «Майдан. kg» гезити