Өзгөн районундагы жер көчкүдөн улам катуу жапа чеккен Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл өкмөттөрүнө караштуу Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп бериле баштады. Буларга мындан ары Өзгөндөгү Жаман-Адыр участогунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнөн 582, ал эми Кароол айыл өкмөтүнө караштуу жагынан 237 тилке таратылып берилет.
- Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар үчүн Жаман-Адыр участогуна 250 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча, ФАП жана мечит дагы салынат, - дейт Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлү Таалайбек Сарыбашев.
Ушул тапта турак-жайларын жер көчкү басып калган Өзгөн районундагы Курбу-Таш айылынан 67 үй-бүлө атайын тигилген чатырларда жансактап жатышат. Булардын ар бирине 8 сотыхтан жер аянты ченелип берилген. Эми электр энергиясынын түйүндөрүн тартуу иштери жүргүзүлүп, электр мамылары дагы орнотулду.
Булак: «Майдан. kg» гезити