Адегенде Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын ыкластан куттуктап, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктарын, баалуу белектерин тапшырды. 

 

- Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын эң негизги артыкчылыктуу  багыттарынын  бири. Ошондуктан, Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаевдин жеке тапшырмасына ылайык Баткен облусуна 4 миллион 299 миң 600 сом акча каражаты бөлүнүп,  каржыланып Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү дээрлик заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз этилди, - деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев. – Ал эми Баткен шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы сметалык баасы 123 миллион сомдук облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулушунун дээрлик 70 пайызы бүткүрүлдү. Учурда үч кабаттуу, эки корпустан турган имараттын ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Бул имарат 31-август эгемендүүлүк күнүндө пайдаланууга тапшырылат.

 

Мындан тышкары Баткен облустук бириккен ооруканасына көз дарылоо бөлүмүнүн  ачылышы, облустук ооруканага  жандандыруу авто унаасынын ыйгарылышы, жасалма дем алдыруучу жана оор абалдагы балдарды жандандыруучу медициналык жабдуулардын орнотулушу эле  медициналык кызмат көрсөтүүнүн улам жакшырып жаткандыгынан кабар берет. Акыркы маалыматтарга караганда, өткөн жылы милдеттүү мелициналык камсыздандыруу фонду тарабынан дагы 5 миллион 474 миң сомдук медициналык жабдыктар сатылып алынды. Буга улай былтыр Кадамжай аймактык ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Ушул тапта  сметалык наркы 78 миллион сомду ооррукананын экинчи корпусунун имаратынын курулушу кызыды.

 

Ушул тапта Баткен облусундагы 13 саламаттык сактоо мекемесинде 838  дарыгер, 3879  орто медициналык кызматкерлер  талыкпастан эмгектенип жатышат. Ошентсе деле, облус боюнча ушул тапта жогорку билимдүү   83 дарыгер таңкыс.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз