Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

Мекеме бүгүн тараткан маалыматта ал Ахмад Асадуллаев деген ат менен «ВКонтакте» социалдык түйүнүндө жазган комментарийлери менен башка улуттун өкүлдөрүнүн ар-намысына, Кыргызстандын мамлекеттик символикасына шек келтиргени айтылат.


Атайын кызмат аталган жарандын жазгандарында мындай аракеттер бар экенин филологиялык жана саясат талдоо анализи аныктап чыкканын билдирди.

Факт боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы Кылмыш кодексинин 299-беренесинин (Улуттук (этнос аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет​) негизинде кылмыш иш козгоду.

 

Быйыл 9-июнда атайын кызмат улут аралык кастыкты козутту деген шек менен интернеттеги социалдык түйүн колдонуучусун камакка алганын билдирген.​ Ошол эле күнү мекеменин Тергөө башкармалыгы журналист Улукбек Бабакуловго карата кылмыш иш козгогону, ал чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялаган деп шектелип жатканы маалымдалган. Бабакулов бул айыпты четке каккан.