Печать
Категория: Коом
Просмотров: 176

 

Ала-Тоо жергеси үчүн күйүп-бышкан патриот окурмандарыбыздын бири, жакында эле  “Ойгон, ойлон, кыргыз” деген рубриканын алдында гезитибизге маек берген Акбар байке бизге дагы келип:

 

- Эмираттан үлгү алып, өнүгүп-өсүп кетсек болот эле,- деп атпайбы.

 

- Эмират кантип өнүгүптүр?- деп кайра өзүнөн сурадык.

 

- Эң эле биринчи билимге көңүл бурушкан. Мектепке балдарды кызыктыруучу чараларды колдонуу менен тартып, ар бир окуучуга стипендия төлөп турушкан.

Ырас, бизде мектепке балдарды тартканга мамлекет анчейин деле кызыкдар эместей. Балдарга стипендия бермек түгүл, кайра алардан акча алып жаткан мугалимдерди, директорлорду көрмөксөнгө салышат. Мисалы, балаңды 1-класска киргизишиң эле Бишкектеги мектептердин айрымдарында “30-40 миң сом” деген сөздөр бар. Албетте, аны менен гана чектелип калышпайт. Окуу учурунда балдарды ар кандай ыкма менен тоноо жүргүзүлүп турат имиш. Ата-энелеринин кыжаалат болгонун, акчаларын жедиргенин көрүп-билип туруп балдар коом үчүн жакшы кыялданышмак беле, чоңойгон кезинде мурдагы тоноткон акчаларын башкалардан кайрып алууга аракеттенишет эмеспи. Балким, билимге өзгөчө көңүл буруу, ар бир окуучуну мектепке сүйүнүү менен баргыдай шарттарды түзүп берүү сыяктуу идеялар президенттикке кандидатурасын койгон азаматтардын биринин программасында бардыр. Күтө туралычы.  

 

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити