Маалыматтарга караганда, 18 миллионунчу наристе 11-майда Алматы облусунун Талдыкорган шаарында жарык дүйнөгө келген.
Ага Муслима деген ысым ыйгарылган. Наристе дефектолог Диана Омарханова менен мугалим Самат Бестыбавдин үй-бүлөсүндөгү экинчи кыз.
Казакстанда акыркы эл каттоо 2009-жылы жүргөн. Анын жыйынтыгы боюнча калктын саны 16 миллиондон бираз ашкан.