Оштун Кара-Суу районунда чоңойуп атышкан 7 жаштагы үч эмдин энеси Кызжибек Марипова коомчулукка жардам сурап кайрылды, Үч эм – эки уул жана бир кызынын барган сайын көзүнүн көрүүсү начарлар баратканы эненин тынчын алууда.
Бул тууралуу «Турмуш» жазды.
Кызжибек Марипованын айтымында, ал кош бойлуу кезинде күйөөсү таштап кеткен. Болочок баласы бирөө эмес, үчөө экенин уккан атанын жүрөгү түшүп, качып жоголуптур. Балдар төрөлгөндөн кийин эне аларды өзүнүн наамына өткөрүп, Асан, Үсөн жана Фатима деген ысым ыйгарган. Учурда бирөөсүнүн көзүнүн көрүүсү -22 болсо, калган экөөнүкү -9 жана -10. Колунда жок эне балдарын дарылаганга каражат табалбай атат. Ошондуктан, кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.
Байланыш номери 0777 27 70 95.