Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-июлда үч адам арыз менен кайрылган. Алар 15-октябрда болчу президенттик шайлоого катышууга ниеттенишүүдө.
Арыз жазгандардын бири 62 жаштагы пенсионер Замира Муратбекова, экинчиси 42 жаштагы, убактылуу жумушсуз Санжар Энназаров жана үчүнчүсү Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун 56 жаштагы төрагасы Сагынбек Абдрахманов.
Ушуну менен арыз жазган талапкерлердин саны 15ке жетти. Алардын экөө саясий партиялардан көрсөтүлсө, калганы өзүн өзү көрсөткөндөр.