Таластын Беш-Таш суусуна агып, каза тапкан эки журналисттин сөөгү жерге берилди.
Маркум журналист Элмира Сүйүтбекованын зыйнаты Талас шаарында болду. «3-каналдын» аткаруучу директору Сүйүн Өмүрбеков кичи мекени Бакай-Ата районунда түбөлүк жайына коюлду.
Кырсык аталган телеканалдын журналисттери жаратылыш коюнуна эс алууга чыкканда болгон.
38 жаштагы Элмира Сүйүтбекованын артында төрт баласы калды. Ал эми Сүйүн Өмүрбековдун аялы кош бойлуу болчу жана үч баласы бар.