Бүгүн, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, экс-адилет министри Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болду.
Анда айыптоочу тараптын башкы күбөсү профилдик мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Жылдыз Мамбеталиева суралды.
Салянова 2010-жылы Адилет министрлигинде Алексей Елисеевден ал мамлекеттик кызматта болгондуктан, лицензияны токтотуу боюнча арыз түшкөнүн айткан. Ал убакта Ж. Мамбеталиева квалификациялык комиссияны жетектеп турган.
Адилет министрлигиндеги Елисеевдин жеке иши жоголгону белгилүү болду. Жоголуу Алмамбет Шыкмаматовдун министр болуп турган учуруна туш келет. Мамбеталиева жеке иштин жоголушу боюнча иликтөө иштери жүрбөгүнүн айтты.