Печать
Категория: Коом
Просмотров: 154

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.


Маалыматка караганда, алар камоо режимине нааразылыгын билдирип жатышат.

 

«19-абак өмүр бою соттолгондор үчүн жаңы курулган. Мында режим өзгөртүлүп, мурда көнгөндөн башка. 13 киши ачкачылык жарыялады. Азыр мурдагыдай ээн-эркин басып жүрө алышпайт, камерада отурат. Ошого нааразы болуп жатышат», — деди Сабатарова.

 

Ачкачылык кармагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар менен психолог, социологдор иш алып барууда.

 

Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн өзгөчө режимдеги колония 2016-жылдан баштап иштеп баштаган. Азыркы учурда Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 300дөй адам бар. Алардын 56 пайызы биринчи жолу соттолгондор.