Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

 

Жогорку Кеңештин депутаттарынан жарандык активисттер, балдарды жана аялдарды коргоо уюмдары балдардын укугун бекемдеп анан каникулга кетүүсүн суранышууда.

 

 Демократиялык процесстерди иликтөө Борборунун жетекчиси Лариса Илибезованын айтымында, алар парламенттен каникулга чейин  жаш балдарга карата сексуалдык зомбулукка жоопкерчиликтүү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун карап берүүнү суранышат.

 

Улуттук статистиканын маалыматына таянсак, 2015-2016-жылдары Кыргызстанда 174 наристе сексуалдык зомбулукка туш болгон. Ушул жылдын үч айында наристелерге карата сексуалдык зомбулук боюнча 18 кылмыш иши козголгон.