Печать
Категория: Коом
Просмотров: 149

 

Башкы прокуратура Нарын Айыптын Zanoza.kg сайтына жарыяланган макаласын текшерүүгө жиберди.

 

 Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Кыргызстандын президентинин ар-намысын коргоо максатында берген доо арызынын негизинде үч сот отурумун өткөрөт. Процесстердин бири эртең мененкиге, экөөсү түштөн кийинкиге белгиленген.

 

Учурда процессте Нарын Айып тарабынан жазылып, 2015-жылдын 20-октябрында жарыяланган Атамбаевдин кайрымдуулук иштери жана анын фондунун каражаты тууралуу макалага коюлган дооматтар каралууда.

 

«Башкы прокуратура макаламдагы маалыматтарды текшерип, чындыкка төгүн келбейт деген далил табышкан имиш. Мындай текшерүү белгиленгенин бүгүн сотто угуп, жыйынтыгын тааныштырууну талап кылдык. Негизи, бизди жыйынтык менен процесс башталганга чейин тааныштыруулары керек эле», - дейт журналист.