Печать
Категория: Коом
Просмотров: 248

 

 КР Транспорт министри Жамшитбек Калилов жаңы жолдорду куруп аткан жол куруучуларга маданияттуулук жетишпей турганын моюндады.

 

Бул тууралуу парламент жыйынында билдирди.

 

Депутат Ирина Карамушкина Бишкектин жолдорун кеңейтүү долбоору боюнча коомчулукта нааразычылык күчөгөнүн белгиледи.

 

«Шаар чоңоюп атат. Бир нече жылдан кийин жолдорду кайра кеңейтебизби? Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Жолду унааларга ылайыктоонун кереги жок, шаарды эл үчүн ылайыкташ керек», - деди депутат.

 

Министр: «Жол кеңейтип атканда жарандарды кабардар кылбай, маданияттан артта калып атканыбыз бар. Ошондон улам маселе жаралып атат. Маселени аягында гана чечкенге аракет жасайбыз», - деди.