Печать
Категория: Коом
Просмотров: 158

Бул тууралуу 27-июнда компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди.


"Баарын кошуу үчүн дагы узак жол басып өтүшүбүз керек. Бирок кошуп эле койбой, адамдардын бири-бирине жакын болушун камсыздашыбыз зарыл”,– деп жазды Цукерберг.

 

2012-жылы октябрда, компаниянын негизделгенине сегиз жыл болгондон кийин Facebook түйүнүнүн колдонуучуларынын саны бир миллиардды түзгөн. Компания экинчи миллиардды беш жылга жетпеген мөөнөттө камсыздады.

 

Facebook – дүйнөдөгү ири жана таасирдүү социалдык түйүн. Компаниянын капиталы $433,5 млрд долларды түзөт. Компанияда 18770 киши иштейт, орто эсеп менен бир күндө социалдык түйүнгө 1,28 млрд киши кирет. Ошол эле маалда алардын 85,8%АКШ менен Канададан башка жактарда жашашат.