Көпчүлүгүбүз соода-сатыкты “Народный” дүкөндөрүнөн жасай тургандыгыбыз белгилүү. Анткени биринчиден, ал соода жайында алдабайт, товарлар сапаттуу жана арзан деген түшүнүк бар. Тилекке каршы тиешелүү көзөмөл органдары чыныгы жагдай андай эмес экендигин далилдешти. "Народный" соода түйүндөрүндөгү айрым азык-түлүктөрдүн салмагы товарда көрсөтүлгөн салмакка дал келбейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынан кабарлашты. Азык-түлүктөрүнүн көлөмү товарда көрсөтүлгөн салмагынан 20 граммдан 250 граммга чейин жеткен эмес. Маалыматка караганда, мындай факты Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда аныкталган. Мындай көрүнүш шаар боюнча 11 "Народный" дүкөндөрүндө аныкталган. Мындан мурда аталган көзөмөл органы май куючу жайларда да кымырып калуу фактылары бар экендигин аныктаган болчу. Ар бирибиз граммдап алданганыбыз болор-болбос тыйын болгон менен ошол колу туткактар миллиондогон сом арам акчага туйтунушат эмеспи. Ошондуктан ар бирибиз өз укугубузду билип, Союз учурундагыдай көзөмөл тараза аркылуу да алган товарыбыздын салмагын текшерип алганыбыз оң болмок.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити