Печать
Категория: Коом
Просмотров: 371


Бишкек, “Саясат.kg”. Түндүк-түштүк автоунаа жолуна караштуу Көк-Арт ашуусунда узундугу үч чакырым 850 метрге созулган заманбап тешкен жол (тоннель) курулат.

 

- Көк-Арт ашуусунда эки туннель курулат. Биринчиси аркылуу автоунаалар гана жүрөт. Ал эми экинчи туннель өзгөчө кырдаалдарда, мындайча айтканда, тез жардам жана өрт өчүргүчтөр үчүн гана пайдаланылат. Мындан тышкары туннелдин ар бир 400-метрине уктоочу жайлар орнотулат. Ал чукул кырдаалдарда жүргүнчүлөрдүн сыртка качып чыгуусуна шарт жаратат,- деди министр.


Ошентип, бул туннелдерге заманбап өрт өчүрүүчү жабдыктар, байкоочу камералар жана аба тазалагычтар дагы орнотулат. Туннелдин дубалдары өтө жогорку температурага чыдаган материалдар менен гана тигилет. Туннелдин узундугу 12 метрди түзүп, бийиктиги тогуз метрди чапчыйт.