16-июнда Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепканада иш-чара атайын кече менен аяктады.
Соңку иш-чарага студенттер, окуучулар чакырылып, майрамдык кече өткөрүлдү. Анда Ош облустук китепканасындагы жана Кыргызстан менен АКШ мамлекеттеринин ортосундагы китеп кербени долбоорундагы окуу куралдары көргөзмөгө коюлду
- Жаштарды китеп окууга үндөгүбүз келет. Ар түрдүү чыгармалар камтылган китептерди көргөзмөгө алып чыктык. Келгендерге кызыктуурак болуш үчүн майрамдык чакан кечелерди дагы кошо камтыдык, - деди Токтогул Сатьылганов атындагы Ош облустук китепкнасынын өкүлү.
Баса, бул долбоор Кыргызстанда башталганына үч жылга аяк басты. Бул аралыкта өлкөнүн бир катар аймактарында ушундай иш-чаралар байма-бай уюштурулду. 2018-жылдан тарта дагы бул долбоор улантылат.
Булак: «Майдан. kg» гезити