Кыргызстандын түштүк аймагындагы эң чоң деп эсептелинген бул логистикалык борбордо картошка, пияз, сабиз, кызылча сыяктуу  тамырдуу жашылчалаларды тазалап, сорттоп, анан таңгактоого чоң мүмкүнчүлүк бар.Сыйымдуулугу – 6 миң куб метр. Күнүнө 10 миң тонна жашылчаны даярдайт.

 

Баса, логистикалык борборду жеке ишкер Аваз Абдурахимов ЮСАИД уюмунун колдоосунда түптөгөн. 14-июнда өткөн ишкананын ачылыш аземине АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни катышты.

 

- Азырынча борбордо 10 адам гана эмгектенет. Бара-бара жумуш жолго коюлса дагы 50 адам жумуш менен камсыз этилет. Ишкана жашылчаларды сорттоп-таңгактап тим болбой, түшүмдү жеринен казып келе турган техникалары менен да мактана алат, - деди жеке ишкер Аваз Абдурахимов.

 

Баса, жеке ишкер Аваз Абдурахимов айыл чарба жаатын анализдеп чыккан соң, логистикалык борборду дыйканчылык кеңири жайылган  Араван районунда ачууну чечкен. Ишкана кийинки жылдан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дыйкандар менен келиши түзүүнү жана андан ары ЕАЭБ рыногуна чыгууну дагы көздөп жатат.

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити