22-июнда Самара-Шымкент жолунда эки кабаттуу автобус аңтарылып кеткен. Салондогу 50 киши өзбекстандык, экөө казакстандык болгон. Жүргүнчүлөр Волгограддан Шымкентке келе жатышкан.
Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өзбекстандык 9 киши мерт кеткен, 18 киши жаракат алган, дагы 25ине жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Автобустун айдоочусу Казакстан атуулу экени маалымдалууда, аварияда анын күнөөсү бар-жогу аныктала элек.
Буга чейин борборазиялыктардын катышуусунда ири авария 2017-жылы январда Нижний Новгород – Саратов жолунда катталган. Мерт кеткен жети кишинин бешөө кыргызстандык болгон.