“Саиддер үйү” эл аралык кайрымдуулук фондунун президенти, Ахлул-Байтка тийиштүү, тагыраак айтканда пайгамбар Мухаммад с.а.в. кызы Фатима жагынан анын үй-бүлөсүнө таандык болгон мекендешибиз Саид Умар ӨЛМӨСХАНОВ менен баарлаштык.
- Саид Умар Аззамович, сиздин Дача Суу айылынын жашоочулары үчүн жер участкаларын чечип берүүгө багытталган иштериңиз жөнүндө маалыматтар бар. Ошолорго токтоло кетсеңиз?
- Мекендештеримди кооптуу жерге калтыргым келбейт, ошондуктан Дача-Суу айылынын элине Бишкек шаарынан 20-25 км. аралыкта жер маселесин чечип берүүнү пландагам. Бул иш боюнча КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуп сүйлөшкөнбүз. Ушул 2017-жылдын аягына чейин бул маселени бүтүрүүнү көздөп келем. Кудайым буюрса, иншааллах, Дача-Суу айылында жашаган бир туугандарымдын ар бир үй-бүлөсү өз участокторуна ээ болот. Элдин жашоосуна туура келе турган бардык заманбап шарттарды сөзсүз түрдө түзүү керек, ал үчүн: свет, жол, бала-бакча, мектеп, мечит, балдар менен энелер үчүн поликлиника, дарыкана, транспорт... булар толугу менен андан ары Өкмөттүн иши экени жалпыга белгилүү. Үчүнчү кварталда Мухамметкалый Дүйшекеевич менен, андан кийин тийиштүү сүйлөшүүлөрдү пландаштырып койдум. Бүгүнкү күнү ар бир үйдүн участкасына, арык менен агып келе турган сугат суусу бар жердин үстүндө иш жүргүзүп жатам.
- Сиз өзүңүздүн программаңызда дагы башка көйгөйлүү иштерди чечүүнү көздөп жатканыңыз тууралуу жакшы кабарларды угуп жүрөбүз?
- Андан тышкары, жети облустагы жетимдер, ар кандай категориядагы майыптар менен азиздер, муктаж кедей-кембагалдар, жашоонун кыйынчылыгын тартып жаткан көп балалуу энелерге үй маселесин чечүү үчүн масштабдуу программанын үстүндөгү иштер жүрөгүмдөн кетпейт. Бул ипотека эмес, себеби ипотека жолу менен жада калса, Кыргызстандагы бюджетте иштегендерди да үй (квартира) менен камсыздоо кыйын. Бул өтө көйгөйлүү, ошол эле учурда көптөгөн каражаттарды талап кылган программа, андыктан приоритеттүүлүк жагынан бул долбоорго кайрымдуулук иштери басымдуулук боло алат деп ойлойм. Ошондуктан, ичте жана сыртта жүргөн өзүбүздүн эр-азаматтардын жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюминин колдоолору ушул улуттук стратегиялык ишке чоң таяныч болот деп эсептейм. Андан башка көптөгөн өтө маанилүү иштерди Кудайдын ыраазычылыгы үчүн Ахлул Байттын мүчөсү катары, дүйнө жүзүндөгү “өзүмдүн үй-бүлө мүчөлөрүм менен” кыргыз элимдин достугун бекемдөө максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү негизги максаттарымдын бири.
- Жакынкы убактагы сиздин КР муфтийи менен болгон жолугушууда дагы кимдер катышты?
- Бул жолугушууга КР муфтийи Максат ажы Токтомушев, коомчулукка жакшы белгилүү, пайгамбарлардын жана такыбалардын жашоосу жөнүндөгү көптөгөн китептердин автору, калыптанган салт боюнча азирети муфтийлердин инаугурацияларында аларга батасын берип, убагында муфтийдин жардамчысы да болуп, муфтийдин да милдетин аткарып иштеген Отонбай уулу Дүйшөнбек ажы, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы, коомчулукка кеңири белгилүү кыргыз эл жазуучусу Надырбек Алымбеков, КР Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев жана башкалар катышты.
- Муфтий Максат ажы Токтомушев, Орозбек Молдалиевдер кандай каалоо-тилектерин айтышты?
Максат ажы Токтомушев: “Такыба, өтө бай адам болуубуз мүмкүн, ал гана эмес президенттик кызматка чейин, бирок Ахлул Байтка тийиштүү, тагыраак айтканда пайгамбардын үй-бүлөсүнүн мүчөсүнүн бири болуу баарыбызга эле насип болгон эмес. Алланын алдына баарыбыз барабыз, ошол жерде пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. бүткүл үмөткө шафаат кылат, андыктан Алланын ыраазычылыгы үчүн, пайгамбарыбыздын үй-бүлөсүнөн болгондорду толугу менен колдошубуз керек”,- деди.
Орозбек Молдалиев: “Дүйнө жүзүнө белгилүү пайгамбар Мухаммад с.а.вдын кызы Фатима жактан анын үй-бүлөсүнө тийиштүү көптөгөн Саиддер менен биргеликте сахабалар бүткүл ааламга Ислам динин жайылтуу ишин аткарышкан, ошол мээнеттин негизинде, Саиддер дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жашашат. Көптөгөн Саиддердин ичинен, алардын туура эмес иштерге аралашканы жөнүндө ушул күнгө жери бир да маалымат уга элекмин”- деген сөз айтты.
- Кайрымдуулук иштерин Кыргызстанда узак мезгилден бери жасап келе жаткан Саид Баюми менен жакынкы жолугушууңузда кандай маселелерди сүйлөштүңүздөр?
- Саид Баюми Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Ардактуу жараны, “Манас” орденинин кавалери, 2009-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган биздин накта мекендешибиз болот.
Ал жетектеген Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы жетимдерге, майыптарга, аз камсыз болгондорго, үзгүлтүксүз кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келет, Кыргызстандын калкына таза суу жеткирүү, мектеп, бала-бакчаларды куруу долбоорлордун үстүндө көп иштейт. Балдар үчүн аянтчаларды, мечит, медреселерди курат, ошол эле учурда бардык региондордо, анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларында кайрымдуулук иштерин эч токтоосуз жүргүзүүдө. Бул Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы 1974-жылы Сауд Арабиясынын Королунун демилгеси менен түзүлгөн. Анын негизги максаты – дүйнө жүзүндөгү муктаж адамдарга кайрымдуулук жасоо. Булардын офистери жана өкүлдөрү дүйнөнүн 75 мамлекетинде бар. Орто Азия боюнча өкүлчүлүгү Кыргызстанда жайгашкан. Саид Баюми өзүн Ахлул Байтка тиешеси бар экендигин жарыя кылбаса да, иш жүзүндө көрүп келебиз.
- Саид Умар мырза, айтсаңыз, саиддер кыздарын саиддерге гана берет дегени чынбы?
- Негизинен ошондой. Мисал катары айтайын. Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. кызы Фатима энебиз пайгамбарыбыздын атасы Абдулланын бир тууган агасы Талибдин уулу Алинин жубайы. Тагыраак айтканда, саиддин кызы саидке турмашка чыккан. Эгерде саиддин кызы башкага турмушка чыкса, саиддерге анын эч кандай тиешеси болбой калат.
- Талибдин уулу Али (Али ибн Талиб) күчтүү мамлекетти башкарган белгилүү падыша болгону чындык эмеспи?
- Ооба, ошондой.
- Андай болсо биздин өлкөдө да чыныгы шахзаада (принц) бар деген маалыматтар туура экен да?
- Негизинен Фатима р.а. чоң энебиз, ал эми Али ибн Талиб р.а. чоң атабыз болгондуктан, биздин коомчулуктагы шахзаада (принц) туурасындагы маалымат күмөнсүз чындык. Бул маселени туура билип, түшүнгөндөр үчүн Ахлул Байтка тийиштүү шахзаада экеним дүйнө жүзүндөгү белгилүү шахзаададай (принцтей) статусум бар экендиги акыйкаттуу факт. Чыныгы шахзаададай эле мен да жашоомдо элимдин биримдикте жана достукта өмүр сүрүшүн каалап келем.
- Отонбай уулу Дүйшөнбек ажынын айткандарынан Ахлул Байтка тийиштүү болгон бир мисал келтирсеңиз жакшы болоор эле?
- Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын ардактуу өкүлү Отонбай уулу Дүйшөнбек ажы өз учурунда Ахлул Байтка тийиштүү болгон төмөндөгү мисалды айткан: “(Бул КР муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов мезгилинде болгон). Болжол менен 300дөй биздин ажыларыбыз финансылык кыйынчылыктардын себебинен, ажыдан үйлөрүнө кайтып келе албай, 2 айдан ашык убакыт Сауд Арабиясындагы Жидда шаарынын аэропортунда жашоого аргасыз болушкан. Ошондо бир жергиликтүү араб биздин жарандардын көйгөйүн чечүү үчүн Ахлул Байттык бир Саидге кайрылып көрүүнү сунуштаган. Дүйшөнбай ажы башында турган Кыргызстандык зыяратчылар Ахлул Байттын өкүлүнө кайрылганда, биздин зыяратчылардын көйгөйү бир Саиддин телефон чалуусу менен ошол замат чечилип, туугандарыбыз үйлөрүнө аман-эсен кайтып келишкен”.
- Жеке эле КРда эмес, РФ ММКда мамлекеттик коррупцияга каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн Элдик Кыймыл “Люстрациянын” төрайымынын биринчи орун басары Талгатбек Кожогуловдун “Новый Курс” деген стратегиялык программасын эң туура деп толук колдоп келесиз. Бул программа качан жана эмне себептен келип чыккан?
- Бул өтө маанилүү программа 1991-жылы (Москвада) болгон ГК ЧПдан кийин, 70 жылдан ашык бирге жашап келген 250 000 000 элдин бөлүнүп- жарылуусунун себебинен, коомчулукка зыян гана алып келүүчү оппозициянын пайда болушу жана эгемендүүлүктү гана каалап мамлекетти коррупцияга батырган көп партиялуу системаны жоюуга багытталган.
Талгатбек Кожогуловдун өзү туурасында айтсам, ал белгилүү акын Осмонкул Бөлөбалаевдин небереси болот, анын ысымы мектептер менен көчөлөргө чейин берилген. Кожогулов Чүй жергесиндеги кадыр-барктуу бай-манап, бийлердин урпактарынан. Чоң Далы айылында туулуп-өскөн. Бүгүнкү тил менен ата тектүү кыргыз интеллигенциясынан болот. Казакстанда жогорку окуу жайда юридика факультетин артыкчылык менен аяктаган. Юристтерди даярдоодо окуу жайында студенттерге юриспруденциядан сабак берген тажрыйбалуу мугалим. Бул эч кандай бийликке же байлыкка умтулганга аракет кылган эмес. Тескерисинче, эгемендүүлүктөн ушул күнгө чейин анын аткарып келе жаткан мээнети ММКда айтылууда. Бул инсан бир да саясий партиялардын мүчөсү болгон эмес, бийлик үчүн далбастаган саясатчыларга аралашып, эч бир оппозицияга кирген жок.
- Бул ишти негизинен коомчулук туура кабыл алып жатат, ал эми жеке сиздин көз карашыңыз кандай?
- Менин пикирим, жеке эле биздин өлкөдө эмес, Россия, Казакстан жана мурдагы Союз мезгилиндеги (өлкөлөрдө) республикаларда мекендешибиздин программасы чоң кызыгууларды жаратып келет. Себеби, Талгатбек мырзанын стратегиясы чыныгы Бренд. Салыштырмалуу кылып айта турган болсок, дүйнөдө кеңири белгилүү “Тойота”, “Мерседес”, “Сони”, “Самсунг”… жана башка белгилүү Бренддерден миллион эмес, миллиард эсе жогору турган стратегия. Тагыраак айтканда, мамлекеттин бардык багытындагы коррупцияны түп- тамыры менен жок кылуу эле эмес, опозиция деген нерсеге негиз боло турган нерсени да толук жокко чыгарууга сунушталган жана 100% ишке аша турган концепция.
- Талгатбек мырзанын программасы кандайдыр бир улуттарга же белгилүү дүйнөлүк диндерге тиешеси барбы?
- Бул эч кандай дин эмес. Бир миллиард калктын төрттөн бирин түзгөн элдин башын бириктирүү үчүн, ошол эле учурда саясий жана экономикалык стабилдүүлүктү толук камсыздоого негиз боло турган, улуттар арасындагы араздашууну, анын негизинде экстремизм, терроризм жана бийлик менен байлыкка далбастаган коррупцияны, элибизге пайдасы жок көптөгөн саясий партияларды референдум аркылуу жоюу. Талгатбек мырзанын негизги максаттарынын бири болуп, кыргыз элинин укугу менен келечегин камсыздоо үчүн президенттин, премьер-министрдин, спикер менен парламенттин, ГКНБ, прокуратура, соттун үстүнөн реалдуу көзөмөл жүргүзө турган бир гана партияны орнотуу стратегиясы болуп саналат. Кожогуловдун 26 жылдан бери эч акысыз, эч токтоосуз жана бүткүл эл үчүн аткарып жаткан эмгегин баалап, кыргыз элинин атынан ага «Ардактуу жаран», «Эл баатыры», «Эмгек сиңирген юрист», «Юридика илмдеринин доктору», «Профессор» жана башка наам, сыйлыктарды ыйгарыш керектиги узак мезгилден бери сунушталып келет. Кожогуловдун стратегиясынан кабардар болууну каалагандар «Аргументы Недели» гизитинин сайтынан «Через Зеркало Люстрации», «Ветер Перемен», «Круговая Безответственность», «С Надеждой в Будущее», «Новый Курс» деген макалалар менен таанышса болот.
- Т.Кожогуловдун программасына жеке эле биздин эмес, РФ ММКры чоң кызыгууларды жаратканы бекеринен болбосо керек?
- Ооба, анын программасы мурдагы СССРдин курамындагы бардык республикаларга жана Россия Федерациясынын өзүнө 100% ийгиликтүү колдонгонго боло турган (тастыкталып, сертификацияланган) программа. Мунун аналогу СССРден башка эч бир өлкөлөрдө мурда да, азыр да жок. Талгатбек мырза 26 жылдын ичинде бул ишти бардык региондордо туура түшүндүрүп келет. Анткени, мамлекетте көп партиялуу системага Конституцияны ыңгайлаштырып, «эгемендүү мамлекетте жашаганды каалайбыз» дегендер 6 миллиондон ашык элдин ичинен 1%га жетпеген гана олигарх, мультимиллионер менен чоң кызматтардагы атка минерлер, көпөстөрдүн гана чөйрөсү экендигин элибиз толугу менен түшүндү. Калган 99% кыргыз калкы стабилдүүлүктү камсыздаган, адилеттүү жана күчтүү мамлекетте гана жашагысы келээрин айтып да, жазып да келет. Кыргызда: «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деп таамай айтылган. Кыргыз эң байыркы, даанышмандык менен өмүр сүргөн эл экенин дүйнө жүзү билет. Андыктан, Талгатбек Кожогуловго жана анын «Новый Курс» аттуу программасына бардык региондордогу элибиз «Талгатбек Кожогуловдун эң күчтүү стратегиясы» деп узак мезгилден бери ага наам, сыйлыктарды бекеринен сунуштап жаткан жери жок.
- Маегибиздин соңунда сизге эркин сөз?
- Кайрымдуулук иши бизнес эмес, тескерисинче бул иштерди Кудай кимге насип эткен болсо, анын гана ыраазычылыгы үчүн аткарыла турган сооптуу аманаттар болуп эсептелет. Андыктан, кайрымдуулук иштерине ар кандай “боёкторду аралаштыруунун” эч кандай кажети жок. Ушул иштерди бүгүнкү маектин алкагында айта турган болсок, кимде-ким пайгамбар с.а.в. үй-бүлөсүнө көмөк көргөзүп, аны менен бирге элибиздин биримдиги үчүн иш алып бара турган болсо, Кудайдын колдоосу менен сыйлыгын алган жана эки дүйнөдө эң бактылуу экенин эч качан эстен чыгарбасын. Анткени, Жараткан заттын бардык иштерден кабардар экенинде кимдин күмөнү бар?..
Кылыч ЖАПАРОВ , Булак: «Майдан.kg» гезити