Токмок шаарына чыгармачылык иштер менен барып, кайра кайтканы автобекетте турганбыз. Эки милиционер бизди көздөй түп-түз басып келип, Ильяс Агыбай уулуна кайрылды:
- Коомдук жайда чылым тартып жаткандыгыңыз үчүн штраф төлөйсүз. Документиңиз барбы?
- Документ – өзү эле болуп турбайбы,- дедим мен, тамашалап. – Бул киши Ильяс Агыбай уулу деген куудул болот.
Ошондо милиционерлер:
- А, анда..., - деп милиционерлер эскертүү менен гана чектелишти.
Токмоктук тартип сактоочулардын таланттуу адамды сыйлаганына рахмат! Биздин айтайын дегенибиз, Токмок шаарынан башка аймактарындагы милиционерлерибиздин коомдук жайларда чылым чеккендерге, арак ичкендерге каршы күрөш жүргүзүп жаткандыгы анчейин байкалбайт. Союз мезгилинде Кремлде кабыл алынган мыйзам эң эле биринчи Алайкуу өрөөнүндө ишке кирчү. Ошон үчүн “Алайкуу солк этсе – Москва болк этет” деген сөз калган. Эми “Токмок солк этсе - Бишкек болк этет” окшойт. Бирок, кызыл шапкечендерибиз шаардын тартибин билбеген айылдыктарды далдоо жерден кармашып, өз чөнтөктөрү үчүн гана иштеп жиберишпесе болду.
Орозбек Бөрүгулов, Булак: “Майдан. kg” гезити