Печать
Категория: Коом
Просмотров: 302

    

Чабал “өрдөктөр” тууралуу күздө өтүүчү президенттик шайлоого старт коюла электе эле ар кандай пикирлер маалымат каражаттарында мөндүрдөй жаай баштаган. Окуп жатабыз, макалаларды бирөөсүн кыздын баласындай мактаган, дагы бирөөсүнө ичи тардык менен жаман сөздөрдү колунан келишинче чаптаган.

  

Бир күнү тилбузарды койсом, анда да болуп атыптыр шайлоо тууралуу сөз. Тегерек столдо олтурушат бир нече көз. “Эмнелерди айтышат болду экен?”- деп мен дагы ошол жакка оң кулагымды тостум, мойнумду бир аз кыйшайта создум. Андан укканым мага чын, силерге жалган. Ырас, тегерек үстөлдө олтургандардын бири мактаганы менен бийлик жакты, ынанымдуу эле сөздөрдү айтып жатты. Анысына го ырахмат, оюм кетип калбай ырактап, билбегенимди билип алдым, керектүү сөздөрдү дароо мээме илип алдым. Бирок, кыргызча талкуу жүрүп аткан соң “доканса” кыргызча сүйлөбөйбү деп ичимден чегип жапа, аябай болдум капа. Деги маданияттулар этиканы сактайбы? Мисалы, бирөөсү “БШК” дегенди “ЦИК” деп эле урдуруп атпайбы. Муну укканда уялганымдан тердей түштү чекем. Тиштендим бекем. Анан “эч ким жокпу?”- деген таризде карадым эки жакты. Себеби, “ЦИК” деген сөздүн баш тамгасы кулакка “Ц” эмес эле “С” болуп угулуп атты.

 

Ыя, БШК эротикалык уюмбу? Же бул уюм опозициядан чыккан талапкерлерди “с” кылып таштоочу эркектик “буюмбу”?  

 

Айтор, кыргыз сөзүнүн арасына башка тилди аралаштырып сүйлөгөндө жогорудагыдай бизди “неудобно” кылгандар бар. Силер да сүйлөгөндө абайлагылачы, айланайындар!

 

 

Орозбек Бөрүгулов, Булак: “Майдан. kg” гезити