Печать
Категория: Коом
Просмотров: 183

 

Жалал-Абад облустук сотунун маалыматына караганда, өспүрүмдү өзүнө кол салууга жеткирген милиция кызматкерлеринин иши сотко өттү.

 

Анда билдиришкендей, милиция кызматкерлери М.С.К. жана шаарчадагы ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. аймактын тургуну Б.Т. аттуу жарандын автоунаасынан 9000 сому менен пневматикалык мылтыгын уурдап кетишти деген арызын карашкан. Анын негизинде, 2002-жылы туулган Ш.А.аттуу жаранды айыпташып, өспүрүм милиция кызматкерлери тарабынан психология басымды көтөрө албагандыктан өзүн өлтүргөн. 2016-жылдын октябрында өспүрүм өз үйүндө асынып алган.

 

Бул боюнча кылмыш иши ачылган.