Ал 9-июнда Өзгөн районундагы Аюу-Сай, Ичке-Сай айылындагы кырсыктан жабыркаган эл менен жолугушуп, жакындарынан ажырагандарга куран окуп, көңүл айтып кайтты. Аюу-Сай айылынын тургундары кырсыктан кийин Темир Сариевден келген азык-түлүк жана курулуш материал түрүндө жиберген жардамын алганын айтып, ал үчүн ыраазычылыгын билдиришти.
Ошол эле күнү Ош шаарындагы Сулайман-Тоого зыярат кылып, анын алкагында шаардагы аксакалдарга ифтарлык уюштуруп, шаар тургундарына жакшылык тилеп, каалосун айтты. “Ордолуу Ош шаарынын эли дайым кучагын жайып, жылуу маанайда меймандостугун көрсөтүп тосуп алганы менен өзгөчөлөнүп турат. Ыйык Рамазан айында сиздер менен жүз көрүшүп кайтууну ниет кылып келдим. Жакшылык тилеп, таарынычтарды унутуп, кечиришкен, бири-бирине жакшылык тилеген ыйык айда ниет кылып кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Ордолуу Ошубузга оомат, бакубатчылык тилейм”,- деди экс-премьер-министр.
Андан кийин 2010-жылдагы Ош коогалаңында шейит кеткендерге арналып тургузулган “Эненин көз жашы” эстелигине келип маркумдардын арбагына арнап куран окуду.
Булак: "Майдан. kg" гезити