Печать
Категория: Коом
Просмотров: 453

 

Депутат Жылдыз Мусабекова бүгүн пленардык жыйынга келди. Ал иш сапары менен Нарындын Ак-Талаа, Кочкор жана Жумгал  райондорунда болгонун айтып, аймактарга тийиштүү бир катар маселелерди көтөрдү.

 

Бизди тащ калтырганы, анын көтөргөн маселеси эмес. Мындан бир айдан ашуун убакыт мурда, 2-майда журналист Үпөл Анаркулова депутат Жылдыз Мусабекованын телефон чалып, коркутканын билдирип, интернет түйүнүнө телефондук сүйлөшүүнүн аудиосун жарыялаган. Андан көп өтпөй, журналист депутаттын кылык-жоругуна баа берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылган.

 

Ошондон бери КСДП фракциясы Мусабекованын жосунсуз жоругун талкууга алууга такыр эле депутаты «кармай» албай келатат. Жыйынга келбеген депутаты «ооруп атат» деп белгилешкен. Ооруп аткан депутаты тигинтип, райондон район кыдырып, эч нерсе болбогондой трибунадан сүйлөп атат.

 

КСДПнын лидери Иса Өмүркулов «Азаттыкка» кечээ журналист менен депутаттын чырын «аудио чындыкпы, аны текшериш керек», - дегендей ишенбөөчүлүгүн билдириптир. Журналист кат жолдогондон бери бир айга жакын убакыт өттү. Ушул убакка чейин аудионун чыныгы- жасалмалыгына жете албаган фракция бул шектенүү эмей эле, кенебестик экенин мойунуна алса болчудай.

 

Бир депутатын какыс-кукус кылып, эл көзүнө болсо да тыйымыш болуп кое албаган КСДП «кыйын» экен.