Печать
Категория: Коом
Просмотров: 155

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов алдыдагы башкы милдет- шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыздап берүү экенин белгиледи.

Депутаттын айтымында, ал жакында Жалал-Абад жергесинде болуп кайткан.

 

«Мага айрым талапкер болом  дегендер акча сунуштап, бир добуш 1500 сомдон башталып, 3000 сомго жеткенин айтышты. Эми бул нерсени токтото албайт окшойбуз. Бирок, шайлоочулардын көз карандысыздыгын камсыздап берүү колубуздан келет. Шайлоочу шайлоо аймагына кирип-чыкканга чейин, өз тандоосун жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек», - деди депутат.