Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында Акыйкатчы Кубат Оторбаев маалымат берди.
Акыйкатчы өлкөдөгү аялдардын жана балдардын укугу тууралуу маалымат бөлүштү.
Депутаттар Акыйкатчынын атайын докладында бир топ курч маселелер көтөрүлгөнүн белгилешти. Талкуудан кийин андагы маалыматтар боюнча өкмөт мүчөлөрүнөн билдирүү алгылары келишти эле, тилекке каршы өкмөт мүчөлөрүнүн бири да талкууга даярданбай келишиптир.
Депутат Рыскелди Момбеков Акыйкатчынын айтканын жөн гана угуп койбой, андагы маселелерди чечүү үстүндө иштөө керектигине басым жасады.