Печать
Категория: Коом
Просмотров: 168

Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун мамлекеттик мекемелер менен бирге жүргүзгөн изилдөөсүндө аныкталды.


Андан тышкары 6-13 жаштагы жеткинчектердин ар төртүнчүсү кооптуу жумуштарды жасашат. Мектепте окуган ар үчүнчү бала билим алуу менен жумушту чогуу алып кетет.

 

Зыяндуу жумуштар - мал сойгон жерлерде, талаада уулуу жер семирткичтер колдонулган жердеги ж.б. иштер.

 

Кооптуу жумуштар - көмүр жана башка кендерде эмгектенүү.

 

Адистердин байкоосуна ылайык, жумуш менен алектенген баланын билими теңтуштарынан дээрлик алты жылга артта калат.

 

Кыргызстанда 2-июндан 12-июнга чейин Балдар эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөш боюнча он күндүк өткөрүлдү. Иш-чара 12-июнь – Балдар эмгегине каршы күрөштүн бүткүл дүйнөлүк күнүн утурлай уюштурулду. Жогорудагы сандар ушул он күндүктүн алкагында жарыяланды.

 

Изилдөөгө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ош шаарынын муниципалдык администрациясы жана коомдук уюмдар катышкан.