Печать
Категория: Коом
Просмотров: 284

Алардын жолун улай азыркы жаш ырчылар чет өлкөгө чейин чыгып келишет. Бирок элге жагымдуу кеч тартуулаган гастролдун ырчыларга бир топ түйшүк жаратарын баарыбыз биле бербейбиз. Гастроль учурундагы кыйынчылыктарды айрым ырчылардын өз ооздорунан угуп көрөлү.

 

“Кеңеш” тобу: “Айылдын авторитет балдары тоскоолдук жаратышчу”

 

Фото Леди Газетовой.

 


– Биз да гастролго чыгып улуу муун гастролдорду кандай кыйынчылыктар менен өткөрүп жүргөнүн жон терибиз менен сездик.Бизде кыйынчылыктар көбүнчө айыл жергесинде болот. Биз барган айылдын атаман балдары азыркы тил менен айтканда, “авторитеттери” концертке кирбей калышса, сөзсүз тоскоолдук жаратышат. Бир жылдары концерт кызуусуна келгенде электр жарыгын өчүрүп салышкан. Бири-бирибизди таппай кайсалап, концертти айласыздан токтоткон элек. Андан сырткары айылда клубдардын ичи таза эмес. Аларды өзүбүз шыпырып, жууп-тазалап концерт койчубуз. Ага карабастан ижара акысын кымбатыраак алып нааразы кылышчу. Айтор, мындай кыйынчылыктарды айта берсең түгөнбөйт.

 

Тынар КУРБАНАЛИЕВ, куудул: “Машинада уктаган күндөр болгон”

 

Фото Леди Газетовой.

 


– Албетте,баары бир калыпта жыргал боло бербейт. Бирде жеңил, баары ойдогудай болсо, бирде сөзсүз кыйналасың. Биз Кыргызстандын 7 дубанын кыдырып концерт койдук. Андан сырткары Орусиянын шаарларына көп барып жүрөбүз. Чет жерде алдын ала сүйлөшүлгөндүктөн, дээрлик даяр ашка барабыз. Ал эми айылдарга барганда жатакана башкы маселеге айланат. Кээде өнөр адамдарын өздөрү суранып коноктоп, үйүнө канча күн болсо да баш калкалатышат. Бирок мындай жыргалчылык чанда бир кездешет. Андыктан машинанын ичинде тыгылып уктаган күндөрүбүз көп болгон.

 

Нурмат САДЫРОВ, ырчы: “Акчабызды ала албай далай алдандык”

 

Фото Леди Газетовой.

 


– 8-классымда эле Борончу байкелер менен гастролдорго чыгып анын ачуу-таттуусун татып калгам. Анык кыйынчылыкты кийин өз алдымча чыга баштаганда сездим. Бир жолу Москванын бир шаарына акчасын концерттен соң ала турган болуп келишим менен бардым. Жарнама аябай мыкты болгондуктан залдын ичи жык-жыйма толду. Концерттен кийин чакырган кишилерибиз: “Көйгөй чыгып калды. Акчасын артыңардан банктан салып жиберебиз”, - дешти. Концерт бүтүп калган соң, бул айтканына макул болууга аргасыз элек. Ишенип Кыргызстанга келе бердик. Артыбыздан акчабызды салмак тургай байланышып абалдарын түшүндүрүп койгонго жарашкан жок. Ошентип өз чөнтөгүбүздөн жолго акча коротуп, 2 күн бекер ырдап келгенбиз. Азыр тажрыйбалуу болуп жарнаманы акча которулгандан кийин кетирип калдым.

 

Айжамал КАБЫЛОВА, ырчы: “Суукта машина бузулуп жолдо калганбыз”

 

Фото Леди Газетовой.

 


– Азыр мурдагыга салыштырмалуу ырчылар үчүн жакшы шарттар түзүлүп, кыйынчылык деле болбой калды. “Кыз-Бурак” тобунда ырдап жүргөн кездеги транспорт боюнча болгон кыйынчылыктар эсимден кетпейт. Суукта, ысыкта далай жолу жолдо калганбыз.Топто кыздар көп болгондуктан учак менен эмес, машина менен көп жүрчүбүз. Бир жолу кыштын суугунда Бишкекте “Кыз-Бурак” тобунун чоң концерти болмок болду. Эки машина болуп Ош шаарынан чыкканбыз. Кышында жол татаал болот эмеспи, өзгөчө Төө-Ашуу. Дал ошол жерге келгенде машинабыз бузулуп, Сосновка айылына чейин баарыбыз машинаны түртүп келгенбиз. Суук ушунчалык катуу болгондуктан колдорубуз тоңуп калганын эстесем, азыр да чыйрыгып кетем.

 

Дайыр ИСМАДИЯРОВ, ырчы: “Акчабыз жок көчөдө калганбыз”

 

Фото Леди Газетовой.

 


– Акыркы учурда гастролдоп Москвага көп барып жатабыз. Ал жакка бизди уюштуруучулар бардык шартты түзүп жол кире, жатакана, тамак-аштын баарын төлөп чакырышат. Кезектеги ушундай бир сапарда кызык жагдайга туш келгенбиз. Концерт бүткөндөн кийин бизди бир жатаканага жөнөтүштү. Дарек боюнча барсак, биз ойлогондон да мыкты шарттагы жатакана экен. Сүйүнүп жуунуп-таранып жатып калганбыз. Эртеси таң атпай казак аял кыйкырып бизди кууп чыкты. Көрсө, акчасы толук төлөнбөптүр. Уюштуруучуларга чалсак телефондору өчүк. Кийимдерибизди көтөрүп экинчи күнү көчөдө калдык. Дагы жакшы, жолдо турганыбызды көргөн кыргыз таксист бизди Кыргызстандын элчилигине алып барып, ал жакта иштеген эже бизге шаар көргөзүп, кечинде самолётко салып жиберген.

 

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА, Булак: "Леди. kg" гезити