Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кызды тоноого шектелген 9-класстын окуучуларына чечим чыгарды.
2016-жылдын 21-декабрында №62 мектептин 9-классынын окуучу кыздары өздөрүнүн классташ кызын сабап, уюлдук телефонун тартып алышкан.
Айыпталуучулар тагылган айыпка макул болушуп, күнөөлөрүн толугу менен мойундарына алышкан.
Жыйынтыгында, сот аларды айыптуу деп таап, эки жылга шарттуу түрдө кесип, 10 000 сом айып төлөөгө милдеттендирди.