Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
«Быйылкы жылы сиздер маанилүү шайлоо өткөрөсүздөр, Кыргызстан мындан ары дагы аймактагы демократиянын символу боюнча кала берет деп ишенем. Кыргызстан аймакты өнүктүрүүдө жана жалпы аймак алдыга - ийгиликтерге карай жылышы үчүн өлкөлөрдүн ортосунда интеграцияны өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнооруна ишеним билдирем», - деди Гутерреш.
Баш катчы БУУ кыргыз өкмөтүнө “Таза коом” долбоорун ишке ашырууга жана туруктуу өнүгүүгө колдоо көрсөтө турганын белгиледи.
«Биргелешип климаттын өзгөрүшүнө бөгөт коюп жана Кыргызстандын ажайып мөңгүлөрүн сактап калууга эл аралык коомчулукту мобилизациялай алабыз деген ойдобуз", - деп кошумчалады Гутерреш.
БУУнун башчысы Бишкекке иш сапары менен 11-июнда келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан. Андан соң Ош облусуна барып, 2010-жылдагы трагедиялуу июнь окуяларын эскерүүгө арналган иш-чараларга катышты.