Печать
Категория: Коом
Просмотров: 265


 

Ошентип, бардык мектептерде окуучулар үч айлык жайкы каникулга тарашты. Бирок, Ош шаарында балдар эң көп эс алчу Токтогул атындагы сейил бак дагыле моминтип аңгырап бош турат.

 

- Бакчада эле жата бербестен бөбөктөрдү Токтогул атындагы сейил бакты аралатып, кичине сейилдетип, анан ойнотолу дегенбиз. Тилекке каршы, бул бактын бир дагы жери таптакыр иштебейт экен, - деп каңырыкты түтөттү Ош шаарындагы бала бакчалардын биринин тарбиячысы Хасият Хашимова. – Айлабыз таптакыр куруганда, Токтогул сейил багшнын башынан аягына дейре балдарга марш тептирип,  анан бакчага кайрадан кетип жатабыз. Калаа бийлиги каяктан болсун жетиштүү каражат таап, бул чоң сейил бакты туруктуу иштетип койсо, чоңдордун дагы, балакайлардын дагы накта сообуна эле калышмак, эй! Анан калаа казынасына деле дурус каражат түшүп турмак да...

 

- Күн сайын таңкы саат 6.00дө Токтогул атындагы сейил бакта болом. Кечке маал 18.00дө гана бул жердеги жумушумдан араң үйгө кайтамын. Аймакты башынан аягына дейре шыпырып, күн сайын тазалап дагы турам. Ушул аралыкта  бир дагы жерде ойногон баланы эч көрбөйсүң, - деп тызылдагандыгын жашырган жок Назым Бакрадзе аттуу карыя. – Эгерде сейил бакта жетиштүү шарт жаратышканда, буерден адам аягы таптакыр үзүлбөйт эле. Мурда дал ошондой болчу. Анан 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин эле Токтогул атындагы сейил багын таптакыр карабай коюшту.

 

- Мурдагы кезибизди эстесем, тим эле ыйлагым келет, - дейт мектеп окуучусу Николай Медведев. - Үч айга созулган жайкы каникулда күн кур эмес Токтогул сейил багына түшөөр элем. Анда моокубуз канганча ойноор элек. Аттракциондор, башка көңүл көтөрүүчү жайлар толтура эле. А азыр булардын бири дагы жок! Үч айга созулган жайкы каникулда кечке дейре Ак-Буура дарыясын гана бойлоп, а күн ысыганда сууга гана тынымсыз чөмүлөбүз.  Шаарыбызда биз ойной турган башка мындай жайлар жок!

 

Бул өңүттө дал ушул тармакты тейлеген Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыровду иш үстүнөн аңдып жүрүп дагы таппадык. Чөнтөк телефонуна улам чалып, атүгүл маалымат жөнөтсөк, “Мен чогулуштамын. Колум бошогондо байланышам!” деген бойдон жок! Ошентип, Ош шаарынын жетечилигинин кайдыгерлиги көңүлүбүздү гана оорутту.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

өз кабарчыбыз. Ош шаары, Булак: «Майдан. Kg» гезити