“Альянс Алтын” компаниясы КР жаратылышты коргоо мыйзамдарынын негизинде “Жерүй” алтын кенинин аймагындагы экологиялык нормаларды сактоо боюнча атайын иш-чараларды иштеп чыккан. Мунун негизинде компания КР Улуттук илимдер академиясынын “Топурактын биологиясы” институтунун кызматкерлери, жаратылышты коргоо боюнча иш алып барган “Жаш Тилек Агро” жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте Кызыл китепке кирген, сейрек кездешүүчү, жоогазын гүлдөрүн көчүрүү иш-чарасын өткөрдү.
“Остров жоогазыны” - көп жылдык пияз түптүү чөп өсүмдүк болуп эсептелет. Пияз түбү жумуртка сымал, диаметри 1,5-3 см.ге жетет. Өсүмдүктүн сабагы ичке, жылмакай келип, бийиктиги 20-30 см. Жалбырактары 2-3төн, жерде төшөлгөн, көгүлтүр, сызгыч-ланцеттей формада болот. Көз жоосун алган бул өсүмдүк апрель-май айларында гүлдөп, май-июнда мөмөлөйт.
Бул уникалдуу иш-чара КР Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлеринин, Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарынын көзөмөлү астында өткөрүлүп, көчүрүү иш-чараларына жергиликтүү Бекмолдо, Өмүралиев, Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары тартылды. Жалпысынан 6 миң жоогазындын көчөттөрү курулуш иштери жүрбөй турган коопсуз жерлерге көчүрүлдү.
“Альянс Алтындын” мындай аракеттери курулуш иштери жүрө турган аймактардагы жаратылыш байлыктарын сактоого багытталган. Мыйзам боюнча баардык курулуш иштери жергиликтүү жаратылышка терс таасир тийбей турган шартта жүргүзүлүүгө тийиш. Аны сактоо милдети толугу менен аймакта иш жүргүзүүчү компанияларга жүктөлөт.
Мындан тышкары азыркы учурда “Жерүй” алтын кенинин аймагынан табылган мамлекет тарабынан коргоого алынган тарыхый эстеликтерди сактоо боюнча “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан чон масштабдуу иш-чара өткөрүлгөнү турат.
“Майдан-пресс”, Булак: «Майдан. Kg» гезити