Печать
Категория: Коом
Просмотров: 189

 

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сот процесси уланууда.

 

Сот жабырлануучу катары Бишкек автоунаа ишканасынын өкүлүн суракка алды. Ал эми өкүл процесстин жүрүшүндө айыптоодон баш тарта турганын билдирди.

Айыпталуучулардын адвокаты Шарабидин Токтосуновдун айтымында, аталган ишканага келтирилген чыгымдар толугу менен калыбына келтирилгендиктен, алар тосмо арыз жазышты.

 

Айыпталуучуларга тагылган дагы бир айып –   «милиция кызматкерлерине кол көтөрүү» болгон. Бул тууралуу адвокат:

 

«Жабырлануучулардын баары айыпталуучулардын бири да алардын ден соолугуна зыян келтиришпегенин айтышты. Бир гана полковник Адыл Бекназаров сабалганын билдирди. Бирок, ким сабаганын сураганда, башынан сокку алганын айтты. А тергөөдө ал башкача көрсөтмө берген. Мындан улам ал башына соккуну башка жактан алган деп айтууга болот. Полковник ооруканага окуядан эки күн өткөндөн кийин кайрылган», - деди.